Бишкек, 16.03.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун Кыргызстандын 2024-2025-жылдардагы ишмердүүлүгү тууралуу маалыматты укту.
Башкы консул Максат Тентимишовдун маалыматына ылайык, учурда 14 миң 730 Кыргызстандын жараны консулдук каттоодо турат.
"Миграциялык мыйзамдардын бузулушу, айрым административдик процедуралардан өтүүдөгү кыйынчылыктар жана соттолгон жарандарды мекенине которуу маселелерин кароонун узактыгы негизги көйгөйлөрдүн бири бойдон калууда", – деп белгиледи ал.
Талкуу учурунда депутаттар жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо чараларын күчөтүү, өзгөчө эмгек мигранттарына юридикалык жана консультациялык жардам көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.
Депутаттар жарандар арасында Россиянын миграциялык жана эмгек мыйзамдарынын талаптары боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү сунушташты.
Комитет төрайымы Элвира Сурбалдиева жумуш берүүчүлөр тарабынан эмгек укуктары бузулган учурлар боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу сурады. Тентимишов билдиргендей, консулдуктун кийлигишүүсү менен 24 жаранга жумуш берүүчүлөрдөн акчалай компенсация өндүрүп алууга көмөк көрсөтүлгөн.
Мындан тышкары, эл өкүлдөрү абактарда жаткан мекендештердин абалы, жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп берүү жана укуктук жардам көрсөтүү маселелерин көтөрүштү.