Бишкек, 29.08.26. /Кабар/. Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 35 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга Америка Кошмо Штаттарынын жогорку деңгээлдеги мамлекеттик делегациясы катышат.
Иш-чаралар 31-августта өтүп, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи менен айкалышат.
АКШнын делегациясын АКШ президенти Дональд Трамптын атайын өкүлү - элчи Серджио Гор жетектейт.
Делегациянын курамына Монтана штатынан АКШ сенатору Стив Дейнс, АКШ мамлекеттик катчысынын жардамчысынын орун басары Бетани Поулос Моррисон, АКШ президентинин атайын өкүлү Паоло Замполли жана америкалык тараптын башка өкүлдөрү кирет.
Бул тууралуу Кыргызстандын АКШдагы элчиси Эдил Байсалов улуттук телеканалга берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, АКШ президенти Дональд Трамптын Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгын белгилөөгө катышуу үчүн өлкөгө жогорку деңгээлдеги делегация жөнөтүү чечими АКШнын Кыргызстанга, анын эгемендигине жана улуттук көз карандысыздыгына болгон көңүл буруусунун маанилүү белгиси болуп саналат.
"Биз америкалык мындай жогорку деңгээлдеги делегациянын өлкөбүздүн башкы мамлекеттик майрамына катышуусун өз ара кызыгуунун өсүп жаткандыгынын жана кыргыз-америка мамилелеринин чыңдалып бара жатканынын далили катары баалайбыз", — деди элчи.
Эдил Байсалов кыргыз-америка мамилелерине өткөн жылдын ноябрь айында Ак үйдө Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен АКШ президенти Дональд Трамптын жолугушуусунан кийин жаңы дем берилгенин белгиледи.
Элчинин айтымында, учурда Бишкек менен Вашингтон саясий диалогду жана практикалык кызматташтыкты ырааттуу кеңейтүүдө. Анын ичинде соода-экономикалык байланыштар, инвестициялар, жаңы технологиялар, билим берүү жана өз ара кызыкчылык жараткан башка багыттар камтылууда.
"Америкалык делегациянын мындай деңгээлде Эгемендүүлүк күнүн белгилөөгө келиши — эки тараптуу мамилелердеги оң динамиканын жана кыргыз-америка өнөктөштүгүн жаңы деңгээлге чыгарууга болгон өз ара умтулуунун дагы бир далили", — деди Кыргызстандын Вашингтондогу элчиси.