Эдуард Кубатов: Учурда жаңы Кыргызстан курулуп жатат

Коом Загрузка... 07 Ноябрь 2025 12:50
WhatsApp Image 2025-11-06 at 12.57.22 (1).jpeg
copyright icon Кабар Кабар

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 06.11.25 /Кабар/. Жаңы Кыргызстан курулууда. Мындай пикирин Кыргызстандын Альпинизм федерациясынын президенти Эдуард Кубатов “Кабар” маалымат агенттигинин “Кабар подкаст” берүүсүндө билдирди.

“Менимче, азыр өлкөдө жаңы Кыргызстан түзүлүп жатат. Өзгөрүү жана өнүгүү баарына байкалууда. Жакында эле Лондондо биржалык фонддун жетекчиси болуп иштеген досум келип, Кыргызстанды тааныбай калдым деп таң калды. Ал акыркы жолу COVID-19 пандемиясына чейин келген болчу. Бул жолу көптөгөн курулуштарды, өзгөрүүлөрдү көрүп суктанды. Кээде отуруп алып, ыза болом. 32 жыл аралыгында революциялардан баш көтөрө албай келдик. Бирок, азыр өлкөдө жаңы багыт пайда болду. Жоопкерчилик күчөп, көз караш өзгөрдү”,-деди ал.

Анын айтымында, эң негизгиси өлкө үчүн күйгөн, жоопкерчилиги күчтүү адам бийликке келди. Бүгүнкү өзгөрүүлөрдүн башкы себеби мамиленин өзгөрүшү.

“Ресурстар баягы эле бойдон, бирок мамиле жана жоопкерчилик башка деңгээлге чыкты. Мындан кийинки беш жыл ичинде Кыргызстан жаңы сапаттык деңгээлге чыгат,”- деди ал.