Каракол, 20.10.25 /Кабар/. Учурда мамлекет жаштарга өзгөчө көңүл буруп, алар үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын Альпинизм федерациясынын жетекчиси Эдуард Кубатов бүгүн Каракол шаарында өтүп жаткан “Кыялымдагы Кыргызстан. Ысык-Көл” жаштар форумунда билдирди.
Анын айтымында, мындай ири иш-чаралардын өткөрүлүшү жаштар үчүн өтө маанилүү.
“Өлкөнүн келечеги жаштардын колунда. Алар биримдикте болуп, Кыргызстанды өнүктүрүүгө өз салымдарын кошушу керек. Бул үчүн жаштардын потенциалын ачууга, демилгелерин колдоого багытталган форумдар үзгүлтүксүз өтүп турушу зарыл,”- деди ал.
Кубатов белгилегендей, акыркы жылдары жергиликтүү жана жогорку бийлик, ошондой эле өлкө башчы тарабынан жаштарга ар тараптуу шарттар түзүлүүдө.
“Мурун бийлик менен жаштардын ортосунда байланыш дээрлик жок болгон. Жаштар чет жакка, негизинен Россияга кетүүгө аргасыз болушчу. Айрымдары ошол жакта калып да кетишкен. Бирок, бүгүн мамлекеттин жаштарга болгон мамилеси өзгөрүп, жаштардын мамлекетке болгор ишеними жаралды. Учурда жаштар кайра мекенине кайтып келип, өнүгүүгө салым кошуп жатышат. Жалпысынан алганда мамлекет жаштарга олуттуу көңүл буруп, аларды ар тараптан колдоого алып жатат”,- деп кошумчалады Кубатов.