Эдил Байсалов Atlantic Council уюмунун энергетикалык форумуна катышты

Экономика Загрузка... 11 Июнь 2026 20:16
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 11.06.26. /Кабар/. Кыргызстандын АКШдагы элчиси Эдил Байсалов энергетика, инвестиция жана экономикалык өнүгүүгө арналган эң ири эл аралык иш-чаралардын бири болгон Atlantic Council уюмунун 10-энергетикалык форумуна катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирет.

Эдил Байсалов өз сөзүндө Ормуз кысыгында уланып жаткан кризистин дүйнөлүк экономикага жана жаңжалга түздөн-түз тиешеси жок өлкөлөргө тийгизип жаткан терс кесепеттерине форумдун катышуучуларынын көңүлүн бурду.

Атап айтканда, кризистин кесепеттери жазгы талаа иштеринин мезгилинде, дыйкандар дизелдик күйүүчү майга жана башка күйүүчү-майлоочу материалдарга болгон баалардын өсүшүнө туш болгондо, айыл чарба тармагында өзгөчө байкалганы баса белгиленди.

Байсаловдун айтымында, бул кырдаал дүйнөлүк экономиканын өз ара тыгыз байланышын жана эл аралык соода менен транспорттук каттамдардын туруктуулугун камсыз кылуунун маанилүүлүгүн көрсөтүп турат.

Форумда ошондой эле Кыргызстандын динамикалуу өнүгүүсү, экономикалык өсүштүн жогорку темптери, жүргүзүлүп жаткан реформалар жана чет элдик инвесторлор үчүн мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат берилди.