Эдил Байсалов АКШнын сенаторлору менен жолугушту — Кабар

Эдил Байсалов АКШнын сенаторлору менен жолугушту

Саясат 11 июнь 2026 15:15
2107ed5d-c76d-3e3d-94bb-cc4e92819804.jpg
ba4f061b-14d7-3e62-8f70-b6848f65aa58.jpg
0f34f413-e7c3-3257-94f7-2ccfcd18b7e4.jpg
f39ca25e-611b-3de8-8395-1aedcc246e9f.jpg
Алдыга
Артка
2107ed5d-c76d-3e3d-94bb-cc4e92819804.jpg
ba4f061b-14d7-3e62-8f70-b6848f65aa58.jpg
0f34f413-e7c3-3257-94f7-2ccfcd18b7e4.jpg
f39ca25e-611b-3de8-8395-1aedcc246e9f.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 11.06.26. /Кабар/. Кыргызстандын АКШдагы элчиси Эдил Байсалов АКШнын Монтана штатынан шайланган сенатору Стив Дэйнс жана Юта штатынан шайланган Жон Кертис менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуулардын жүрүшүндө тараптар кыргыз-америка эки тараптуу кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү, анын ичинде парламенттер аралык диалогду чыңдоо, өз ара сапарларды уюштуруу жана биргелешкен иш-чараларды өткөрүү маселелерин талкуулашты.

Эдил Байсалов америкалык сенаторлорго Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформалар жана өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө жетишилген натыйжалар тууралуу маалымат берди.

Өзгөчө, ал экономиканын туруктуу өсүү темптерин, мамлекеттик башкаруунун чыңдалышын, ошондой эле ири стратегиялык инфраструктуралык жана инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылып жатканын белгиледи.

Өз кезегинде сенаторлор Стив Дэйнс жана Жон Кертис Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан өзгөртүүлөргө жогору баа берип, эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө, ошондой эле талкууланган демилгелерди жана биргелешкен пландарды колдоого даяр экендиктерин билдиришти.