2025-жылы Кыргызстандын бюджетинин профицити ИДПнын 2,5 пайызын түздү

Экономика Загрузка... 09 Март 2026 14:42
8.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 09.03.26. /Кабар/. Евразия өнүктүрүү банкы (ЕАӨБ) Кыргызстандын бюджеттик чөйрөсүндөгү көрсөткүчтөрүнө баа берди. Эксперттер мамлекеттин кирешеси чыгашасынан ашканын белгилешти: 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча профицит ИДПнын 2,5 пайызын түздү, бир жыл мурун бул көрсөткүч 2,4 пайыз болгон.

Экономисттер мамлекет тарабынан отун-энергетикалык комплекс, айыл чарба жана тоо-кен казуу өнөр жайын өнүктүрүүгө багытталган каражаттардын көлөмү олуттуу өскөнүн катташты. Бул тармактарга бөлүнгөн каражаттардын 3,2 эсеге өсүшү Кыргызстан экономикалык туруктуулукту камсыз кылган стратегиялык тармактарды колдоого олуттуу көңүл буруп жаткандыгынан кабар берет. Негизги секторлорго багытталган финансылык салымдар ИДПнын 31,5 пайызына чейин жетти.

Мындай ири ички инвестицияларга карабастан, салыктык жыйымдардын жакшырышы (+32 пайыз) жана Улуттук банктын мамлекеттик казынага которулган кирешесинин өсүшү менен республикалык бюджет оң сальдону (кирешенин чыгашадан ашышын) сактап кала алды.