Бишкек, 18.05.26 /Кабар/. 17-майдан тарта Евразиялык экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин евразиялык транспорттук коридорлорго кирген унаа жолдорунда жүрүүчү транспорт каражаттарынын уруксат берилген массалары, октук жүктөмдөрү жана габариттери жөнүндө макулдашуу күчүнө кирди.
Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев билдиргендей, бул макулдашуу транспорттук чыгымдарды азайтууда жана жүк агымдарын натыйжалуу тейлөөдө маанилүү роль ойнойт.
"Мындайча айтканда, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердеги 14 миң чакырымдан ашуун унаа жолдорунун технологиялык биримдиги камсыздалууда. Буга чейин салмактык жана габариттик талаптардын айырмачылыгынан улам ташуучулар жүктү оптималдуу көлөмдө жүктөөдөн баш тартууга аргасыз болушкан. Эми бизнес өкүлдөрү товар партияларын бөлбөстөн жана жүктүн бир бөлүгүн башка транспорт каражатына которбостон евразиялык транспорттук коридорлор аркылуу жүк ташууну ишке ашыра алышат", - деди ал.
Ошондой эле ал белгилегендей, эгерде мамлекеттердин биринде салмактык жана габариттик талаптар төмөн болсо, мурда талап кылынган кошумча атайын уруксатты алуу зарылдыгы да жоюлду. Макулдашуунун күчүнө кириши биримдиктин ички рыногундагы дагы бир тоскоолдукту жоюуга жана транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы рыногун түзүүгө жакындатты.
Кожошев соода агымдарынын кайра бөлүштүрүлүшү жана дүйнөлүк туруксуздук шарттарында Евразия экономикалык комиссиясы ташууларды ыкчам, коопсуз жана технологиялык жактан заманбап кылууга мүмкүндүк берген туруктуу транспорттук тармакты түзүү боюнча иштерди улантып жатканын кошумчалады.