ЕАЭБде тиричилик техникаларын жүгүртүүгө жаңы көзөмөл киргизилет

Экономика Загрузка... 22 Май 2026 13:00
WhatsApp Image 2026-05-22 at 09.20.59 (2).jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 22.05.26. /Кабар/. 1-сентябрдан баштап ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдүн ортосунда товарларды жүгүртүү жана үчүнчү өлкөдөн импорттолгон товарларга көзөмөл жүргүзүлөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Мамлекеттик салык кызматынын фискалдык документтерди ишке киргизүү бөлүмүнүн башчысы Самаган Аманкулов билдирди.

Анын айтымында, бул товарларга муздаткыч, кир жуучу машина жана телевизор кирет.

“Мындай көзөмөл учурунда товарларды жүгүртүүнүн маалыматтары толтурулушу керек. Мисалы, товарды сатууда же Кыргызстандын аймагынан чыгарып кетүүдө электрондук коштомо документ сөзсүз толтурулушу керек болот. Анын ичинде товардын аты, модели, өлчөмү жана саны көрсөтүлүшү зарыл. Ошондой эле бажы декларациясынын реквизиттери камтылышы кажет”, - деди ал.

Самаган Аманкулов белгилегендей, 1-сентябрдан тарта Евразия экономикалык комиссиясынын тиешелүү чечими күчүнө киргенден кийин бир айлык өткөөл мөөнөт берилет. Бул аралыкта бардык салык төлөөчүлөр товарлардын калдыгы боюнча маалыматтарды көрсөтүшү зарыл.

Маалыматка ылайык, мындай чечим жакында Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин кезектеги жыйынында кабыл алынган.