ЕАЭБ жана Монголия. ЖК убактылуу соода келишимин ратификациялоону карады

Коом Загрузка... 05 Март 2026 13:05
6.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 05.03.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаттары "2025-жылдын 27-июнунда Беларустун Минск шаарында кол коюлган бир тараптан Евразия экономикалык биримдиги менен ага мүчө мамлекеттердин жана экинчи тараптан Монголиянын ортосундагы Убактылуу соода макулдашуусун ратификациялоо жөнүндө" мыйзам долбоорун карап, II окууда кабыл алды.

Парламенттен билдиришкендей, мыйзам долбоорун министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген.

Мыйзам долбоорун Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрайымы Элвира Сурабалдиева тааныштырды.

Ал белгилегендей, мыйзам долбоорунда ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен Монголиянын ортосундагы өз ара кызыкчылык туудурган чөйрөлөрдөгү соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жана тереңдетүү, ошондой эле товарлардын жана капиталдын эркин өтүшү үчүн зарыл шарттарды түзүү максатында кол коюлган Убактылуу соода келишимин күчүнө киргизүү сунушталууда.

Жыйында мындан тышкары министрлер кабинетинин төрагасы белгилеген "2022-жылдын 11-ноябрында Самарканд шаарында кол коюлган 2009-жылдын 3-октябрындагы Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуусунун кеңешин түзүү жөнүндө Нахчыван макулдашуусуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" мыйзам долбоору II жана III окууда жактырылды.