Бишкек, 22.05.26. /Кабар/. ЕАЭБ өлкөлөрүндө спорттук тамак-аш азыктары милдеттүү түрдө маркалана баштайт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Экономика жана коммерция министрлигинин ЕАЭБди координациялоо башкармалыгынын башчысы Элимбек Каныбек уулу билдирди.
Ал белгилегендей, мындай чечим Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин кезектеги отурумунда кабыл алынды.
“Кеңештин мүчөлөрү милдеттүү түрдө маркалоого тийиш болгон спорттук тамак-аш азыктарынын тизмесин бекитти. Бул чечимди кабыл алуу биримдиктин деңгээлинде маркалоонун унификацияланган эрежелерин белгилөөнү карайт жана өз ара соодада тоскоолдуктардын келип чыгуу тобокелдиктерин азайтууга өбөлгө түзөт. Мындан тышкары, бул чара аталган продукцияны идентификациялоо каражаттары менен маркалоо системасын ишке киргизген же киргизүүнү пландап жаткан мүчө мамлекеттердин аймактарында маркалоо коддорун өз ара таануу үчүн шарттарды камсыз кылат”, - деди ал.