Бишкек, 26.03.26. /Кабар/. Талкуулардын чыңалган мүнөзүнө карабастан, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн Бажы кызматтарынын бириккен коллегиясынын жыйыны конструктивдүү өттү. Бул тууралуу журналисттерге Россиянын Федералдык бажы кызматынын жетекчиси Валерий Пикалев билдирди.
Анын айтымында, жолугушуунун өзү көп убакытты алган жок, бирок ага чейин эксперттер тарабынан бир нече ай бою жүргүзүлгөн узак жана көлөмдүү иштер аткарылган.
"Эксперттер тарабынан иштелип чыккан жана макулдашылган бардык чечимдер, албетте, бүтүндөй биримдикке, ошондой эле айрым өлкөлөргө да пайда алып келет", деп белгиледи ал.
Федералдык бажы кызматынын башчысы кабыл алынган чаралар бизнести жүргүзүүнүн сапатына, биринчи кезекте тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн ак ниет катышуучуларына тийгизген таасири жагынан кошумча талдоого алынарын кошумчалады.