Бишкек, 01.02.26 /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев иш сапары менен Сокулук районунун Фрунзе айылындагы "Кыргызмамасылтукумзаводуна" барып, арыктаган айдоо аянттарын жакшыртуу боюнча мелиорациялык ыкманы киргизүү жана заманбап айыл чарба техникасын иштетүүнүн жүрүшү менен таанышты.
Ведомстводон билдиришкендей, иш сапардын жүрүшүндө министр Бакыт Төрөбаев мелиорацияны өнүктүрүү жана тармакты техникалык жактан жаңылоо мамлекеттик агрардык саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин баса белгиледи.
Ошондой эле мамлекеттик колдоонун алкагында 2025-жылы өлкөнүн айыл чарба өндүрүүчүлөрү жана асыл тукум чарбалары үчүн 2,5 млн АКШ долларына айыл чарба техникасы сатылып алынганы, ал техника лизинг шартында берилери айтылды.