Дыйкан-фермерлер үчүн Россиядан 40 тонна сапаттуу буудай үрөнү алып келинүүдө

Коом 15 октябрь 2025 09:48
561341993_122190510788341273_7120124626730712224_n.jpg
561532883_122190510698341273_1385078797940802673_n.jpg
561227908_122190510704341273_6880134038860324885_n.jpg
Алдыга
Артка
561341993_122190510788341273_7120124626730712224_n.jpg
561532883_122190510698341273_1385078797940802673_n.jpg
561227908_122190510704341273_6880134038860324885_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 15.10.25. /Кабар/. 3 пайыздык жеңилдетилген насыя алган дыйкан жана фермерлер үчүн Россиянын "Щёлково Агрохим" компаниясынан 40 тонна суперэлита жана элита репродукциясындагы сапаттуу буудай үрөндөрү алып келинүүдө.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, бул үрөндөр кийинки жылдары көбөйтүлүп, жергиликтүү фермерлерге таратыла баштайт.

Мындан тышкары, үрөндү сыноо жана адаптациялоо иштери тиешелүү агрохимиялык жана лабораториялык борборлордо жүргүзүлүп, Кыргызстандын климаттык шартына эң ылайыктуу сорттор тандалып алынат.

Бул демилге айыл чарба продукцияларынын түшүмдүүлүгүн жогорулатууга, үрөнчүлүк тармагын өнүктүрүүгө жана агрардык рынокто атаандаштыкка жөндөмдүү өндүрүштү түзүүгө өбөлгө түзөт.

Айыл чарба министрлиги үрөнчүлүк тармагындагы реформаларды улантуу, эл аралык өнөктөштөр менен кызматташтыкты кеңейтүү жана фермерлерге сапаттуу үрөн материалдарын жеткирүү боюнча иштерди системалуу түрдө жүргүзүп келет.