Душанбеде КМШ өлкөлөрүнүн башкы прокурорлору кызматташтыкты талкуулады

Коом 22 октябрь 2025 15:30
569910172_1139560665029651_1839253831834379575_n.jpg
568570552_1139560775029640_2421352686198787767_n.jpg
569294880_1139560811696303_2904433568757887570_n.jpg
570041188_1139560685029649_4686288768535661435_n.jpg
570538750_1139560608362990_8285910534949895392_n.jpg
Алдыга
Артка
569910172_1139560665029651_1839253831834379575_n.jpg
568570552_1139560775029640_2421352686198787767_n.jpg
569294880_1139560811696303_2904433568757887570_n.jpg
570041188_1139560685029649_4686288768535661435_n.jpg
570538750_1139560608362990_8285910534949895392_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Башкы прокуратура

Бишкек, 22.10.25 /Кабар/. Күн мурун башкы прокурор Максат Асаналиев Тажикстандын Душанбе шаарында өткөн КМШга мүчө мамлекеттердин башкы прокурорлорунун координациялык кеңешинин 35-жыйынына катышты..

Башкы прокуратурадан билдиршкендей, жыйын шериктештикке мүчө өлкөлөрдүн прокуратура органдарынын өз ара кызматташтыгын чыңдоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн механизмдерин өркүндөтүү, көзөмөл ишмердүүлүктү санариптештирүү жана жарандардын укуктарын камсыз кылуу маселелерин талкуулоонун маанилүү аянтчасы болду.

Жыйындын алкагында Асаналиев Россия жана Тажикстандын башкы прокурорлору, ошондой эле кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча Евразия тобунун төрагасы менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө терроризмге, экстремизмге жана транс улуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү, эл аралык укуктук жардам көрсөтүү механизмдерин өркүндөтүү, прокуратура ишмердүүлүгүн санариптештирүү жана кирешелерди адалдоого каршы аракеттенүү жаатында тажрыйба алмашуу сыяктуу кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары талкууланды.

Тараптар прокурордук көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатууга, каржылык ачыктыкты камсыз кылууга жана региондук коопсуздукту бекемдөөгө багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу боюнча өз ара кызматташтыкты тереңдетүүгө даяр экендигин тастыкташты.