Душанбеде электросамокат жана скутерлерди пайдаланууга тыюу салынды

Борбор Азия Загрузка... 09 Октябрь 2025 09:05
_119186231_2589e1fa-1f54-4f87-8a2a-29f0b22e63c1.jpg.webp
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 09.10.25. /Кабар/. Тажикстандын борбору Душанбе шаарында электросамокаттарды, электроскутерлерди жана башка жеке транспорт каражаттарын 2030-жылга чейин колдонууга тыюу салынды. Бул тууралуу Kazinform агенттиги жазды.

Бул чечим жол кырсыктарынын көбөйүшүнө жана ушул сыяктуу транспорт каражаттарын коопсуз пайдалануу үчүн зарыл инфраструктуранын жоктугуна байланыштуу кабыл алынганы айтылууда. Тыюу салуу атайын бөлүнгөн жерлерден тышкары, бардык шаардык райондорго тиешелүү.

Тиешелүү чечим Душанбе шаардык Эл депутаттарынын жыйынынын токтому менен кабыл алынган.

"Бул чечим электросамокаттар менен электроскутерлерди колдонууну тартипке келтирүү, алардын катышуусундагы жол-транспорт кырсыктарынын санын азайтуу, транспорт каражаттарынын жана жөө жүргүнчүлөрдүн кыймылына тоскоолдуктарды болтурбоо, ошондой эле жол кыймылынын бардык катышуучуларынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында кабыл алынды", — деп түшүндүрүштү шаардык администрациядан.

Мекеме бул чектөө мындай транспорт каражаттарын коопсуз пайдалануу үчүн зарыл болгон инфраструктура түзүлгөнгө чейин күчүндө болоорун кошумчалады.

Буга чейин Казакстанда дагы электросамокаттардын тротуарларда жүрүшүнө тыюу салууну киргизүү пландалып жатканы кабарланган.