Бишкек, 16.11.25 /Кабар/. Драматург Султан Раевге Ташкент шаарында Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин демилгеси менен уюштурулган “Келечектин мурасы” эл аралык сыйлыгы ыйгарылды. Сыйлыктарды тапшыруу аземи Азербайжан жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттеринин катышуусунда өттү.
Бул эл аралык сыйлык Борбор Азия жана Азербайжан өлкөлөрүнүн башка дагы өкүлдөрүнө берилди. Ошондой эле ал негизинен адабият, маданий мурас, музыка жана бий, көркөм жана бий искусствосу, илим, билим жана санарип технологиялары багыты боюнча ыйгарылмакчы.
Раев “Кабар” агенттигине билдиргендей, Ислам цивилизация борбору менен анын алкагында уюштурулган “Келечектин мурасы” эл аралык сыйлыгынын Борбор Азия өлкөлөрү үчүн өтө чоң мааниси бар.
“Бул борбор ислам дининин гана эмес, жалпы адамзат цивилизациясынын баалуулуктарын жана дөөлөттөрүн жайылтуунун өзгөчө бир платформасы болот. Ошондой эле бул жерде светтик иш-чараларды, илимий-популярдык коннгресстерди өткөрүүгө, муну менен бирге эле маданий жана руханий байланыштарды чыңдоого болот. Өзбекстан өзүнүн алдына үчүнчү реннесансты куруу боюнча демилгени коюп жатат. Ал эми бул борбор анын бир өзөгү болууда.
Ал эми сыйлык боюнча айта турган болсом, аты айтып тургандай - бул сыйлык келечекке мурастарды калтыра турган сыйлык болот. Борбор Азиядагы маданиятты дүйнөгө интеграциялоого багытталат”, - деп билдирди ал.
Белгилей кетсек, 13-ноябрдан тарта Ташкент шаарында Азербайжан жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн катышуусунда “Борбор Азия: бирдиктүү агартуучулук - жалпы келечек” эл аралык конгресси өтүп, анын алкагында катышуучуларга Ислам цивилизациясы борбору тааныштырылды.