"Дөөлөт курулуш": эки объект мамлекетке өтүп, үлүш ээлеринин маселеси чечиле баштады

Коом Загрузка... 17 Февраль 2026 00:35
IMG_5270.JPG.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

12-февралда “Дөөлөт курулуш” компаниясынын “Кудайберген” жана “Шопоков” объектилери Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин карамагына өткөрүлдү. Мындай чечим курулуш иштери эки жылдан бери жанданбай, үлүшчүлөр бир нече жолу нааразычылык билдиргенден кийин кабыл алынган.

Аталган компаниядан төрт жыл мурда турак жай сатып алган миңден ашуун үлүшчү бүгүнкү күнгө чейин батирлерине ээ боло элек. Алар курулуш компаниясына жалпысынан 2 миллиард сомдон ашык каражат төлөшкөн. Объектилердеги иштер токтоп, тиешелүү деңгээлде аткарылбагандыктан улам үлүш ээлери бир нече жолу компаниянын жетекчилигине, андан соң өлкө жетекчилигине кайрылышкан.

Бул аралыкта министрлик тарабынан да компанияга бир нече ирет эскертүүлөр берилип, курулуш иштерин жандандыруу боюнча милдеттүү көрсөтмөлөр тапшырылган. Бирок каржылык көйгөйлөрдөн улам үлүш ээлеринин каражаттары натыйжалуу пайдаланылбай, иштер толук токтоп калган. Ушул себептерге байланыштуу министрлик курулушту аягына чыгаруу милдетин өз колуна алды.

Мамлекеттин бул чечимин 12-февралда курулуш министри Нурдан Орунтаев үлүш ээлери менен болгон жолугушууда билдирип, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Учурда токтоп турган жумуштарды бир айдын ичинде кайрадан баштоо чаралары көрүлүп жатат. Ошондой эле тиешелүү документтер жана келишимдер кайрадан карала тургандыгы белгиленди.

Орунтаев “Кабар” агенттигине билдиргендей, абалды турукташтыруу максатында компаниянын уставдык капиталындагы 100% үлүшү мамлекетке өткөрүлүп, убактылуу тышкы корпоративдик башкаруу киргизүү каралууда. Курулушту аягына чыгаруу үчүн андан аркы иштерди координациялоо жана көзөмөл жүргүзүү максатында министрликке коомдун катышуучусунун ыйгарым укуктарын берүү пландалууда.

Министр ошондой эле учурда “Кудайберген” турак жай комплексинде каркастар орнотулуп, айрым блоктордо жасалгалоо жана тосмо конструкцияларды орнотуу иштери жүрүп жатканын, ал эми “Шопоков Эко Сити” комплекси баштапкы этапта - нөлдүк цикл жана котлован казуу стадиясында экенин билдирди. Үлүштүк катышуу келишимдери жана шарттар талданып, жыйынтык боюнча кошумча маалымат берилерин белгиледи.

Андан сырткары, жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгында “Кудайберген” турак жай комплексинен 1 млрд 444 млн 749 миң 448 сом, ал эми “Шопоков Эко Сити” турак жай комплекси боюнча 656 млн 621 миң 074 сом чогулганы аныкталган. Эки объект боюнча чогулган каражаттардын жалпы көлөмү 2 млрд 101 млн 370 миң 523 сомду түзөрү белгилүү болду.

"Азыркы учурда курулуш үчүн чыгымдалган каражат менен жасалган иштердин наркынын ортосунда чоң айырмачылыктар бар. Бул каржылык тобокелдиктердин бар экенин көрсөтөт. Министрлик учурда бул маселени терең талдоодо.

Толук башкаруу жана көзөмөл орнотулгандан кийин, керектүү келишимдер түзүлүп, курулуш иштерин кайра жандандыруу пландалууда. Объектилерди бүтүрүү мөөнөтү болжол менен 2-3 жыл деп болжолдонууда.

Алдын ала маалыматтарга караганда, үлүштүк катышуу келишимдеринин жалпы саны 2 миң 963тү түзөт. Анын ичинде “Кудайберген” турак жай комплекси боюнча 1 миң 404, ал эми “Шопоков Эко Сити” боюнча 1 миң 559 келишим бар.

Учурда курулушту бүтүрүү мөөнөттөрү жана чарчы метрдин наркы боюнча келишим шарттарын кайра карап чыгуу каралууда. Себеби, келишимдер 4–5 жыл мурун чарчы метри 750 АКШ доллары менен түзүлгөн жана азыркы экономикалык шарттарда бул баада курулушту аяктоо мүмкүн эмес.

Учурда негизги көңүл абалды турукташтырууга жана курулушту улантууга бурулууда. Курулуш компаниясынын жоопкерчилигине байланышкан маселелер өзүнчө тартипте каралат”,-деди ал.

Буга чейин, январь айында да президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев өлкө башчысынын тапшырмасы менен Шопоков шаарына барып, “Дөөлөт курулуш” компаниясынын курулуш объектилеринин абалын жеринде текшерген. Максаты - элдин үнүн угуу, маселени жеринде көрүү жана көйгөйдүн чыныгы абалын так аныктоо болгон.

Анда маалым болгондой, Шопоков шаарынын мэриясы компанияга 8 гектардан ашык жер тилкесин бөлүп берген. Өз кезегинде компания 140 батирди шаардык мэриянын балансына өткөрүп берүүгө милдеттенме алган. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин бул талаптардын аткарылышы боюнча реалдуу жыйынтык болгон эмес.

Министрлик үлүш ээси болууну каалаган жарандарга төмөндөгүдөй сунуштарды берет:

- Буйрутмачы жана башкы подрядчынын ишмердүүлүгүн кылдат талдоо;

- Уруксат берүүчү документтердин бар экенин текшерүү;

- Жер тилкесинин укуктук статусуна көңүл буруу:

- Эгер жер тилкеси буйрутмачынын менчигинде болбосо, курулуш кандай шарттарда жана кайсы келишимдердин негизинде жүргүзүлүп жатканын аныктоо;

- Буйрутмачынын каржылык камсыздоосу, ишкердик аброю жана мурда бүткөргөн объектилерин текшерүү;

- Курулуп жаткан объекттердин реестринде буйрутмачынын бар-жогун министрликтин расмий сайтынан текшерүү;

- Келишимдерди нотариалдык тартипте күбөлөндүрүп, мамлекеттик каттоодон өткөрүү;

- Төлөмдөрдү банктык мекемелер аркылуу жүргүзүү.

Белгилей кетсек, буга чейин “KG групп”, “Көчмөн Сити” курулуш компанияларынын курулуштары дагы убагында бүткөрүлбөй, андан бир нече үлүш ээлери жабыркаган. Алардын да курулуш объектилери мамлекетке алынып, Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу курулуш иштери улантылууда.