Бишкек, 02.02.26. /Кабар/. Медицина тармагында кырдаал оор, - деди саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов каналдардын бирине берген маегинде.
Анын айтымында, бардык имараттар эскирген.
"Эми президент Садыр Жапаров бул тармакка кылдаттык менен өзгөчө көңүл буруп жатат. Мен капиталдык оңдоо иштерине акча коротпой жаңы имараттарды куралы деп сунуштадым. Бирдей типтеги райондук жана облустук деңгээлдеги ооруканаларды куралы деп жатам. Буга чейин курулган ооруканалар ар кандай курулуп калган. Ошондуктан биз иретке келтирип, бирдей кылып, мисалы поликлиникасын биринчи кабатка, стационарды экинчи кабатка, администрациясын үчүнчү кабатка жайгаштырып, ыңгайлуу, дүйнөлүк стандартка шайкеш келген жакшы имараттарды курууну пландап жатабыз", - деди министр.