Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 112 өлкөдөн спортчулар катышат

Көчмөндөр оюндары-2026 205 20 Август 2026 16:15
ecc23a0b-551c-4939-_1gJIfY1.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 20.08.26. /Кабар/. Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 112 өлкөдөн спортчулар катышууга арыз берди.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эл аралык катчылыгынан билдиришкендей, жалпысынан мелдешке 3 миңге жакын спортчу катышары күтүлүүдө.

"Учурда уюштуруу комитетине Австралия, Азербайжан, Армения, Аргентина, Бангладеш, Бахрейн, Грузия, Индия, Индонезия, Иран, Испания, Казакстан, Монголия, Польша, Россия, АКШ, Өзбекстан жана башка мамлекеттерден арыздар келип түштү", - деп айтылат маалыматта.

Спортчулардын анкеталык маалыматтары Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын спорттук программасын өткөрүү жөнүндө жобонун талаптарына ылайык, оюндардын расмий сайтындагы электрондук аккредитациялоо системасы аркылуу кабыл алынууда. Буга чейин Уюштуруу комитети дүйнөнүн 100 өлкөсүнө катышууга расмий чакыруу жөнөткөн.

Маалыматка ылайык, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасына 42 спорт түрү киргизилген. Жобо кыргыз, орус жана англис тилдеринде даярдалган.

Белгилей кетсек, 31-августта спорттук делегациялар Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземиндеги парадга катышат. Командалар парадда бирдиктүү улуттук форма менен чыгат.