Бишкек, 10.02.26 /Кабар/. Бүгүн маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиевдин төрагалыгы астында сентябрь айында өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чагылдыруу боюнча меморандумга кол коюлду.
Иш-чарага ЖМК өкүлдөрү, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эл аралык катчылыгынын жетекчиси Нурсултан Аденов катышып, медиа өнөктөштөр арасында тиешелүү келишимге кол коюшту.
Жыйында министр алдыда боло турган эл аралык масштабда өтө турган иш-чаранын стратегиялык маанисине токтолуп, аны жогорку деңгээлде чагылдырып берүүнү өтүндү.
“Сиздер медиа өнөктөш катары кыргыз элинин маданиятын сапаттуу чагылдырып берет деген үмүттөбүз жана суранабыз”,-деди ал.
Белгилей кетсек, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл Кыргызстанда 31-августтан 6-сентябрга чейин өтөт. Бул иш-чара өлкөнүн туристтик потенциалын жогорулатууга, улуттук маданиятты даңазалоого жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө чоң салым кошмокчу.