Көчмөндөр оюндары: “Биримдик кербени” улуттук жүрүшү Раззаков шаарынан башталды

Көчмөндөр оюндары-2026 1414 25 Июль 2026 14:30
756434798_1577853613708088_6342423712594218345_n.jpg
755734355_1577854147041368_8737291024664067286_n.jpg
756441018_1577855397041243_2510401843042052680_n.jpg
752533969_1577853983708051_237138294610530922_n.jpg
753032510_1577854207041362_3323726185080897679_n.jpg
754724960_1577853973708052_3133254040579925381_n.jpg
755364209_1577855320374584_6133039977634876128_n.jpg
754462564_1577855290374587_6541979274244267928_n.jpg
754498021_1577854190374697_3878081883073652607_n.jpg
752854633_1577856063707843_6946813677905701777_n.jpg
753668252_1577854120374704_1843792636895285860_n.jpg
752807283_1577855297041253_3701707414306318394_n.jpg
756038610_1577856023707847_6950340298289263571_n.jpg
755128491_1577854070374709_2221545457185719187_n.jpg
753760280_1577855500374566_2260841560765865778_n.jpg
755692603_1577853877041395_8798297373935036061_n.jpg
757523838_1577853833708066_1612372573329030865_n.jpg
754884684_1577853940374722_1107474090903739858_n.jpg
755949167_1577856033707846_6079994078530767611_n.jpg
757398619_1577853797041403_662945619467789931_n.jpg
755808216_1577853763708073_8688477646672882361_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 25.07.26 /Кабар/. Бүгүн VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында уюштурулган "Биримдик кербени" аттуу 40 күндүк улуттук жүрүш Баткен облусунун Раззаков шаарынан расмий түрдө старт алды.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Лейлек районунан жолго чыккан 10 өкүлдү (атчан) облус башчысынын орун басары Максатай Каримбердиева, Лейлек районунун акими Жеңишбек Асылбек баштаган жетекчилер, аксакал ата-апалар батасын берип узатты.

Улуттук жүрүшкө чыккан Лейлек районунун өкүлдөрүнө, алдыда Баткен жана Кадамжай райондорунун 20 өкүлү кошулуп, жолду улашат.

"Биримдик кербени" – өлкөнүн бардык 40 районун камтыган, улуттук биримдикти, маданий мурастарды жана аймактар аралык ынтымакты чыңдоого багытталган ири долбоор. Жүрүш 25-июлдан 2-сентябрга чейин уланып, ага 400дөн ашуун катышуучу катышат.

Долбоордун негизги өзгөчөлүгү – ар бир райондон алынган булак суусу кербен аркылуу өлкөнүн бардык аймактарын кыдырып өтүп, соңунда Ысык-Көл облусунда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы "40 уук – бир түндүк" маданий иш-чарасында бир казанга бириктирилет. Бул өлкөнүн биримдигин, ынтымагын жана бүтүндүгүн даңазалаган символдук жөрөлгө болуп саналат.

Кербендин багыты Баткенден башталып, Кыргызстандын бардык аймактарын аралап өтөт. 26-августта кербен Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарына жетип, 27-августта салтанаттуу тосуп алуу аземи өткөрүлөт. Ал эми 28–29-август күндөрү эл аралык маданий иш-чаралардын алкагында 40 райондун суусу өткөрүп берилет.

"Биримдик кербени" – бул жөн гана жүрүш эмес, өлкөнүн бардык аймактарын бир максатка бириктирген, "Суу – жашоонун башаты, биримдик – өлкөнүн күчү" деген идеяны чагылдырган жалпы улуттук демилге.