Бишкек, 04.08.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктын алкагында 600дөн ашуун ыктыярчы үчүн тимбилдинг уюштурулду.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, иш-чаранын негизги максаты ыктыярчылардын командалык иштөө жөндөмүн, лидерлик сапаттарын жана уюштуруучулук көндүмдөрүн өнүктүрүү болду.
Программага улуттук спорттук оюндар, интеллектуалдык жана командалык тапшырмалар, ошондой эле биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча практикалык окуулар кирди. Мындан тышкары, катышуучулар коопсуздук боюнча нускамадан өтүштү.
Белгиленгендей, ыктыярчылар VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жүрүшүндө чет өлкөлүк конокторду тосуп алуу, расмий делегацияларды коштоо, маалыматтык жана логистикалык иштерди уюштуруу, ошондой эле спорттук жана маданий иш-чараларды өткөрүүгө көмөк көрсөтүшөт.