Дүйнөлүк глобалдык чакырыктарга жооп кайтарууда ЖККУ маанилүү ролду ойнойт – Ялкун Даутов

Саясат Загрузка... 27 Ноябрь 2025 14:30
WhatsApp Image 2025-11-27 at 14.28.04.jpeg

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 27.11.25 /Кабар/. Дүйнөлүк глобалдык чакырыктарга жооп кайтарууда ЖККУ маанилүү ролду ойнойт. Мындай пикирин Коррупцияга каршы ишкерлер кеңешинин өкүлү, эксперт Ялкун Даутов “Ала- Тоо 24” телеканалынын түз эфиринде билдирди.

Эксперттин айтымында, азыр дүйнөдө глобалдык өзгөрүүлөр жүрүп жаткан шартта ар кандай чакырыктарга даяр болушубуз зарыл. ЖККУ саммити дүйнөдөгү өзгөрүүлөргө ыкчам реакция кылууну үйрөнүүгө жакшы мүмкүнчүлүк берген маанилүү курал.

“Бүгүн өтүп жаткан ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны жогорку деңгээлде өтөрүнө ишеним чоң. Жыйындын жүрүшүндө маанилүү стратегиялык документтерге кол коюлуп, кабыл алынган келишимдер келечекте толук кандуу ишке ашат деп ишенем.

Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө ЖККУ саммити аскердик гана эмес, саясий жана экономикалык кызматташтыкты да бекемдерин баса белгилеген. Кыргызстан уюмга мүчө ар бир өлкө менен достук жана тең укуктуу мамиледе. Мунун далили катары күн мурунку Россиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарын айтууга болот. Жолугушуу мыкты деңгээлде өттү. Иш сапар тарыхый жолугушуулардын бири болду. Себеби, сапардын алкагында бардык тармактагы негизги маселелер талкууланды. Биз кызматташтыктын жаңы тепкичине чыгып, жаңы испульс да берилди десек болот. Ушул кызматташтык жана достук мамилебиз мындан ары дагы өнүгүп, бекемделет деген үмүттөбүз.

Дүйнөнүн бардык тармактарында глобалдык өзгөрүүлөр байкалып, айрыкча терроризм, экстремизм жана киберкоопсуздук коркунучтары күчөп жатат. Бул багытта өлкөлөр биргелешкен чараларды кабыл алышы керек. Айрыкча, киберкоопсуздук боюнча кызматташтык абдан маанилүү. Азыр шылуундар алыстан туруп башка мамлекеттердин жарандарын алдап, ири суммадагы каражаттарды уурдап жатышат. Коопсуздукту камсыздоодо жана шылуундар менен күрөшүүдө да ЖККУ абдан маанилүү ролду ойнойт. Бул маселелерди бир өлкө жалгыз чечип кете албайт. Ошондуктан ЖККУ алкагындагы биргелешкен күч-аракеттер, билим жана технология алмашуу бул жалпы коопсуздуктун негизги кепилдиги”,- деди ал.