Бишкек, 11.02.26. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Дүйнөлүк банк тобунун Кыргызстандагы менеджери Хью Ридделл менен жолукту. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.
Анын жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалы жана негизги багыттарын талкуулашты.
Хью Ридделл жолугушуунун катышуучуларына Дүйнөлүк банктын өлкөдөгү ишмердүүлүгү, ишке ашырылып жаткан жана пландаштырылган долбоорлору, ошондой эле кызматташуунун орто мөөнөттүү артыкчылыктары жөнүндө маалымат берди.
Министрдин орун басары Дүйнөлүк банктын Кыргызстан менен кызматташууну өнүктүрүүдөгү маанилүү ролун, ишке ашырылып жаткан долбоорлордун маанисин баса белгиледи.
Ал ошондой эле Дүйнөлүк банк тобунун өкмөттүк өнүктүрүү программаларын колдоону камсыз кылган жана Кыргызстанга инвестицияларды жеңилдеткен интеграцияланган мамилесинин маанисине токтолду.
Тараптар кызматташууну андан ары бекемдөөгө жана эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча конструктивдүү диалогду улантууга өз ара кызыкдар экенин тастыкташты.