Камбар-Ата-1 ГЭСи Борбор Азиянын энергетикалык коопсуздугун бекемдейт

Экономика 13 Март 2026 09:47
651190336_918212327470410_5097354391268180810_n.jpg
651211932_918212154137094_4186018100428001089_n.jpg
651711893_918212297470413_6311424146955645895_n.jpg
650981281_918212184137091_2438898182309763008_n.jpg
651164220_918212107470432_7434969248505813685_n.jpg
651165517_918212204137089_6898837479307663170_n.jpg
Алдыга
Артка
651190336_918212327470410_5097354391268180810_n.jpg
651211932_918212154137094_4186018100428001089_n.jpg
651711893_918212297470413_6311424146955645895_n.jpg
650981281_918212184137091_2438898182309763008_n.jpg
651164220_918212107470432_7434969248505813685_n.jpg
651165517_918212204137089_6898837479307663170_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 13.03.26. /Кабар/. Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу Кыргызстандын энергетика тармагында чоң мааниге ээ жана бүтүндөй Борбор Азиянын энергетикалык келечегине, азык-түлүк коопсуздугуна болгон ишенимин бекемдейт. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Хью Ридделл энергетика министри Таалайбек Ибраев менен жолукканда билдирди.

Министрлик маалымдагандай, жолугушууда Таалайбек Ибраев тармактагы жаңылануулардын натыйжасында өткөн кыш мүчүлүштүксүз өткөнүн айтты. Ал Дүйнөлүк банкка колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, жабдыктарды жаңылоо жана тариф саясаты боюнча маалымат берди.

Хью Ридделл министрликтин ишин "мыкты" деп баалап, Камбар-Ата-1 ГЭСи өлкөнүн энергетикалык келечегине ишеним берерин белгиледи. Ал долбоор боюнча өкмөттөр аралык келишимди түзүү иштери кызуу жүрүп жатканын кошумчалады.

Вашингтондо боло турган жазгы отурумда "Камбар-Ата-1 ГЭС" долбоору тууралуу кошумча талкуулар улантылат. Бул жолугушууда долбоордун техникалык, экономикалык жана экологиялык аспектилерин чыңдоо, ошондой эле Дүйнөлүк банктын колдоосу менен долбоордун ийгиликтүү ишке ашышын камсыздоо маселелери каралмакчы.

Т. Ибраев энергетикада адистерге муктаждык өсүп жатканын айтып, кадрларды даярдоого жана "жашыл" энергетика багытында биргелешип иштөөгө өзгөчө көңүл бурууну сунуштады.

Ошондой эле тараптар биргелешкен долбоорлордун жүрүшүн, анын ичинде ГЭСке техникалык жардам берүү, инфраструктураны модернизациялоо жана "жашыл" энергияны каржылоо маселелерин талкуулашты.