Дүйнө чемпионаты: Балбан Юхан Догдурбек уулу күмүш медаль жеңди

Коом
Дүйнө чемпионаты: Балбан Юхан Догдурбек уулу күмүш медаль жеңди
copyright icon WWW

Бишкек, 19.10.26. /Кабар/. Кыргызстандын балбаны Юхан Догдурбек уулу АКШнын Лас-Вегас шаарында өтүп жаткан 23 жашка чейинки спортчулар арасындагы эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынды.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, ал 61 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашты. Чейрек финалда кытайлык Бая Жилиангды 5:4 эсебинде жеңсе, жарым финалда армениялык Саркис Бегоянды 10:8 эсебинде утту.

Ал эми финалдык беттеште америкалык Бенжамин Адам Давиного 1:4 эсебинде жеңилип, дүйнө чемпионатынын күмүш медалына ээ болду.