Акыркы убакта диний мазмундагы тасмалар жана социалдык тармактардагы диний контент көбөйүп, аларга көзөмөл кандай жүргүзүлүп жатканы тууралуу суроо жаралбай койбойт. Диний темада тасма тартууда режиссёрлор кимдер менен кеңешиши керек, блогерлер дин тууралуу маалыматты кандай тартипте тарата алат жана мындай контентке кандай талаптар коюлат? Бул маселелер боюнча Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик түшүндүрмө берет.
Агенттиктин "Кабар" агенттигине берген маалыматына ылайык, Кыргызстанда кинотасмалар коомчулукка көрсөтүлгөнгө чейин белгиленген тартипте текшерүүдөн өтөт. Эгер чыгармада диний мазмундагы материалдар камтылса, режиссёрлор тиешелүү мамлекеттик органдарга жана дин жаатындагы адистерге кайрылып, консультация алышат.
Айрыкча тасма толугу менен диний багытта болсо, аны тартуудан мурда тиешелүү органдар менен кеңешүү зарыл. Ислам багытындагы тасмаларды даярдоодо Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы жана аалымдар менен кеңешүү каралган. Бул диний баалуулуктарды жана материалдарды туура чагылдырууга багытталган.

Мындан тышкары, тасманын жабык көрсөтүүсүнө тиешелүү адистер чакырылып, зарыл учурда айрым кадрларды алып салуу же мазмунун өзгөртүү боюнча сунуштар берилет.
Тасмада Кыргызстанда тыюу салынган уюмдардын ишмердүүлүгү же алардын материалдары пропагандаланган учурда ага тыюу салынат. Мындай талаптарды бузган учурларда мыйзамда жоопкерчилик каралган.
Соцтармактардагы диний контентке тескөө барбы?
Диний мазмундагы маалыматтар социалдык тармактарда да туруктуу көзөмөлдөнөт. Бул багыттагы мониторингди атайын изилдөө борборунун тиешелүү бөлүмү жүргүзөт.
Контентти баалоодо бир нече критерий эске алынат. Анын ичинде диндер аралык кастыкты козутпоого, Кыргызстанда тыюу салынган диний уюмдардын материалдарын пропагандалабоого жана диний маалыматтарды саясий максатта пайдаланбоого өзгөчө көңүл бурулат.

Ошондой эле диний ишмердүүлүк менен мыйзамда белгиленген тартипте катталган диний уюмдар же тиешелүү уруксаты бар диний кызматкерлер гана алектене алары белгиленген. Уруксаты жок адамдардын диний ишмердүүлүк жүргүзүүсү үчүн жоопкерчилик каралган.
Блогерлер диний маалымат тарата алабы?
Социалдык тармактардагы блогерлердин диний мазмундагы маалыматтарды таратуусуна да белгилүү талаптар коюлат.
Блогер так диний маалыматты чагылдырып, маалыматтык материал жарыялай алат. Бирок белгилүү бир динди пропагандалоо үчүн диний кызматкер катары тиешелүү каттоодон өтүп, ошол диний уюмдун атынан иш алып барышы керек.
Демек, блогердин катталуучуларынын санына карабастан, диний үгүт жүргүзүүдө мыйзамда белгиленген талаптар сакталууга тийиш. Ал эми диний темадагы так маалыматты маалыматтык максатта жарыялоого тоскоолдук жок.
Диний маалыматты бөлүшүүдөн мурда текшерүү сунушталат
Санариптик доордо диний маалыматтар социалдык тармактар аркылуу өтө тез тарагандыктан, жарандарга анын булагын жана расмийлигин текшерүү сунушталат.
Агенттик диний маалыматты тиешелүү мамлекеттик органдардан, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан жана Ички иштер министрлигинин расмий булактарынан тактоого болорун белгилейт.

Өзгөчө жаштардын диний сабаттуулугун жогорулатуу жана маалыматты сын көз караш менен кабыл алуу жөндөмүн өнүктүрүү боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келет.
Диний материалдарды текшербей репост кылуу жоопкерчиликке алып келиши мүмкүн.
Агенттиктин маалыматына караганда, социалдык тармактарда материалдарды мазмунун текшербей туруп бөлүшкөн жарандар жоопкерчиликке тартылган учурлар бар.
Айрым учурларда жарандар репост кылган материал кийин деструктивдүү же Кыргызстанда тыюу салынган уюмдарга тиешелүү экени аныкталган.
Буга байланыштуу кандайдыр бир диний маалыматты бөлүшүүдөн мурда анын булагын, мазмунун жана мыйзам талаптарына шайкештигин текшерүү зарыл.
Агенттик медиа сабаттуулукту жогорулатуу жана жарандардын критикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү диний радикализмдин алдын алуу боюнча артыкчылыктуу багыттардын бири экенин белгилейт.