Бишкек, 15.12.25. /Кабар/. Чаткал району – өнүктүрүү жаатында өзгөчө көңүл бурууну талап кылган алыскы жана тоолуу райондордун бири, – деди президенттин Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча Беш жылдык иш-аракеттерин ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова Чаткал районунда улуттук лейбл-пилотту ишке киргизүү жана климаттык каржылоо боюнча өткөн форумдун жүрүшүндө.
Ал тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык мамлекеттик программанын алкагында комплекстүү иш-чаралар каралганын баса белгиледи.
"Биринчиден, бул – тоолуу райондордун жашоочуларынын жашоо шартын жакшыртуу. Экинчиден, тоо экосистемаларын сактоо. Үчүнчүдөн, тоолуу аймактардын климаттын өзгөрүшүнө туруктуулугун жогорулатуу жана климаттык өзгөрүүлөрдөн улам келип чыккан табигый кырсыктарга каршы күрөшүү. Бүгүн биз Чаткал районунун энергетика, туризм, айыл чарбасы жана тоо-кен өнөр жайы тармактарында чоң өнүгүү потенциалын көрдүк. Ошол эле учурда комплекстүү чечүүнү талап кылган көптөгөн көйгөйлөр жана маселелер бар", – деди Кемелова.
Ошондой эле ал долбоорлор өнүктүрүүнүн стратегиялык пландарына киргизилиши үчүн бул маселелер боюнча жергиликтүү агрокомитеттер жана райондук администрациялар менен тыгыз кызматташуу зарыл экенин баса белгиледи.