Digital Kyrgyzstan 2025 эл аралык ПЛАС-форуму 22 өлкөнүн эксперттерин чогултту

Коом Загрузка... 27 Февраль 2025 16:47
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Кабар

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 27.02.25. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте Digital Kyrgyzstan 2025 эл аралык ПЛАС-форуму үчүнчү ирет өтүп жатат. Бул тууралуу форумдун уюштуруу комитетинин төрагасы Константин Гризов билдирди.

Анын айтымында, иш-чаранын негизги максаты Кыргызстандын экономикасынын өнүгүүсүнө салым кошуу. Бул үчүн форумда эл аралык эксперттер жана практиктер мыкты бизнес-кейстерди талкуулап, тажрыйба алмашып, жасалма интеллект, мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү жаатында ар кандай долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу сөз кылышат.

“Форумга 1 миң 500 делегат катышып, 80 спикер тажрыйбалары менен бөлүшүүдө. Негизги багыттардын бири эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү”, - деди ал.

Мунун менен катар ал Digital Kyrgyzstan Бишкекте үчүнчү жыл катары менен өтүп жатканын, бул жакшы салтка айланганын баса белгиледи.

“Кыргызстан экономикасы салыштырмалуу чакан өлкө. Бирок, эл аралык кызматташтыкка дайым кызыкдар болуп келет. 22 өлкөдөн келген делегаттар муну ырастап жатышат”, - деди ал.