Бишкек, 30.11.25 /Кабар/. Москва шаарында добуш берүүгө жарандар активдүү катышууда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Эскерте кетсек, Москвада жалпы жети шайлоо тилкеси ачылган. Россиянын аймагында болсо 40 участкалык шайлоо комиссиясы иштеп жатат.
Жалпысынан чет мамлекеттерде 100 шайлоо тилкеси уюштурулган.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо 30 көп мандаттуу округ боюнча 460 кандидат ат салышууда. Алардын 271и - эркек, 189у - аял талапкерлер.