Бишкек, 30.11.25. /Кабар/. Бишкек убактысы боюнча саат 10:00гө карата Кыргыз Республикасынан тышкаркы бир катар мамлекеттерде добуш берүү процесси уланууда.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Россия, Япония, Корея, Кытай, Малайзия, Монголия, Казакстан, Индия, Түркмөнстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Пакистандагы 40 шайлоо тилкесинде добуш берүү активдүү жүрүп жатат.
Белгиленгендей, саат 10:00гө карата чет өлкөлөрдөгү шайлоо тилкелеринде добуш берген кыргыз жарандарынын жалпы саны 1559 адамды түздү.
Эскерте кетсек, чет өлкөлөрдө 34 мамлекеттин 89 шаарында жалпы 100 шайлоо тилкеси ачылган. Убакыттагы айырмадан улам, айрым чет өлкөлөрдөгү мекемелерде өнөктүк кечирээк башталат.
Шайлоо процесси эң акыркы болуп АКШнын Сан-Франциско шаарында жыйынтыкталат. Ал жактагы добуш берүү Бишкек убактысы боюнча 1-декабрда саат 10:00дө соңуна чыгат.
Белгилей кетсек, бүгүн Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүүдө. Шайлоочулардын акыркы тизмесинде 4 млн 294 миң 243 жаран бар.