Депутаттар аскер бөлүгүндөгү күжүрмөн даярдык менен таанышты

Коом Загрузка... 16 Март 2026 18:46
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Коргоо министрлиги

Бишкек, 16.03.26. /Кабар/. Коргоо министрлигинин 52806 аскер бөлүгүндө Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин көчмө жыйыны өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Жыйындын жүрүшүндө депутаттар аскер бөлүгүнүн ишмердүүлүгү, аскер кызматын өтөө шарттары жана күжүрмөн даярдык менен таанышты.

Коргоо министри Руслан Мукамбетов аскердик инфраструктуранын абалы, материалдык-техникалык камсыздоо жана Куралдуу күчтөрдү заманбап курал-жарак жана техника менен камсыздоо боюнча маалымат берди.

Ошондой эле Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Тариэл Отонбаев 2024–2025-жылдардагы армиянын ишмердүүлүгү тууралуу баяндама жасады.

Муну менен катар депутаттарга жаңы алынган курал-жарак жана аскердик техникалар да көрсөтүлдү.