Бишкек, 19.02.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Нурланбек Тургунбек уулу депутаттык мандатын тапшырат. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Ал мындай чечимди ден соолугуна байланыштуу кабыл алганын белгиледи.
"Акыркы мезгилдерде ден соолугум жакшы болбой, дары-дармек менен жүрдүм. Муну мени жакындан билгендер жана чогуу иштешкендердин баары эле билишет. Ошол үчүн мындан ары саясаттан оолак болуп, саламаттыгымды карап, жеке жумуштарым менен алек болуу максатында депутаттык мандатты тапшырууну чечтим", - деп жазды ал.