Бишкек, 15.03.26 /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Нурланбек Азыгалиевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын бүгүнкү жыйынында белгилүү болду.
Анда депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча жеке арызы каралды. Ага ылайык, комиссиянын 10 мүчөсүнүн добушу менен депутаттын ырастамасы жараксыз деп таанылды.
Белгилей кетсек, Азыгалиев 12 миң 20 добуш алып, №17 шайлоо округунан шайланып келген. Ал ”Эл үмүтү Ата-Журт” депутаттык тобунун мүчөсү болуп саналат.