Депутат Баткендеги таза суу долбоорлорундагы коррупциялык схемалар тууралуу айтты

Коом Загрузка... 09 Апрель 2026 14:00
1914402_FbDkGMu.bd5.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 9.04.26. /Кабар/. Баткен облусундагы таза суу долбоорлорун ишке ашырууда коррупциялык схемалар орун алууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Исманали Жороев билдирди.

Депутаттын маалыматына караганда, таза суу үчүн берилүүчү насыялар кирешеси өзүн-өзү бага алган муниципалитеттерге гана берилип, дотациядагы айыл өкмөттөрү көңүл сыртында калууда.

"Эгер айыл өкмөтү дотацияда болсо, анда ал айылдарда таза суу болбойбу? Бүгүнкү күндө таза ичүүчү сууга эң муктаж болгондор Лейлек жана Баткен райондору. Бирок алар бир дагы долбоордо көрсөтүлгөн эмес", — деди И. Жороев.

Мындан сырткары, эл өкүлү подрядчылардан түшкөн арыздарга токтолуп, долбоорлорду ишке ашыруудагы мыйзамсыз аракеттерди ачыктады.

"Таза суу долбоорлорунун үстүндө иштеген подрядчылардан кайрылуулар түшүүдө. Алардан акча талап кылып, бербесе лицензиядан ажыратуу менен коркутуп жатышканын, коррупциялык схемалар иштеп жатканын билдиришүүдө", — деп кошумчалады депутат.

Белгилей кетсек, депутаттын айтымында, учурда Баткен облусу боюнча Сүлүктү жана Баткен шаарларында гана таза ичүүчү суу маселеси чечилген.