Бишкек, 02.02.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева Коргоо министрлигинин өкүлдөрүнө бир катар суроолорду берди.
Депутат жаштар арасындагы өзүн-өзү өлтүрүү учурларынын көбөйүп жатканына тынчсыздануусун билдирди.
"Көптөгөн ата-энелер кайрылууда. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте балдардан эмне үчүн айрылып жатканыбызды талкуулайлы. Бири асынып алса, экинчиси атынып алып жатат, бирок анын себептерин эч ким изилдебейт», - деп белгиледи депутат.
Ошондой эле ал альтернативдик кызматтын баасы жана шарттары эмне үчүн өзгөрүп жаткандыгына кызыкты.
Коргоо министрлигинин өкүлү мыйзамга ылайык, 18 жашка толгон жарандар 18 айлык мөөнөткө альтернативдик кызматка бара алышарын түшүндүрдү.
"Кызматтан бошотуу үчүн 12 ооруну, анын ичинде көздүн көрүшүнүн начарлашын, миопия, геморройду жана башкаларды камтыган №787 медициналык буйрук иштеп жатат», - деп белгиледи ал.
Жыйында аскер кызматкерлеринин эмгек акысы боюнча да маалымат берилди. Коргоо министрлигинин өкүлүнүн айтымында, айлыктар кызмат өтөө мөөнөтүнө жана кызматтык маянага жараша 100%га жогорулаган.
Учурда ар бир аскер кызматкерин камсыздоого кеткен чыгымдарды эсепке алганда, алардын айлык акысы айына 100 миң сомго чейин жетиши мүмкүн», — деп белгиледи ал.