Дене тарбия жана спорт агенттигинде финансылык бузуулар аныкталды

Укук тартиби Загрузка... 27 Март 2026 17:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Эсептөө палатасы

Бишкек, 27.03.26. /Кабар/. Эсептөө палатасы Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинде жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгын жарыялады.

Мекемеден билдиришкендей, текшерүүнүн жүрүшүндө мекемеде финансылык тартип жана бюджеттик каражаттарды көзөмөлдөө жетишсиз экени аныкталган.

Маалыматка ылайык, 2024-жыл ичинде жалпысынан 4 миллион 416,4 миң сомдук финансылык мыйзам бузуулар табылган. Анын ичинен 1 миллион 234,4 миң сому мамлекетке кайтарылууга тийиш болсо, текшерүү учурунда анын 462,2 миң сому калыбына келтирилди.

Эң ири каржылык мыйзам бузуулар төмөнкү багыттарда катталган:

  • Мыйзамда каралбаган ашыкча төлөмдөр (эмгек акы) — 2,7 млн сом;
  • Иш сапарлар: Ашыкча төлөнгөн чыгымдар — 1,2 млн сом;
  • Тиешелүү кагаздары жок жумшалган каражаттар — 485,7 миң сом.

Мындан тышкары, бухгалтердик эсеп жана мамлекеттик сатып алуулардагы катачылыктардан улам 25,3 миллион сомдук жол-жоболук бузуулар катталган.

"Айрым активдер эсепке алынбаганы, дебитордук жана кредитордук карыздар толук чагылдырылбаганы, ошондой эле коммуналдык чыгымдар боюнча лимиттен ашык пайдалануу фактылары аныкталды", — деп айтылат маалыматта.

Учурда Эсептөө палатасы тарабынан тиешелүү тапшырмалар берилип, аныкталган кемчиликтерди тез арада жоюу жана бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу талабы коюлду.