Бишкек, 29.10.26. /Кабар/. Кыргызстан АКШнын Федералдык авиация башкармалыгы (FAA) менен кызматташууну өнүктүрүп, алдыдагы аудитке даярдык көрүүдө. Бул тууралуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маселе Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) Астанада өткөн Авиациялык коопсуздук жумалыгынын алкагында агенттиктин директору Данияр Бостонов менен FAA`нын аймактык өкүлү Расселл Райлдын жолугушуусунда талкууланды.
Жолугушууда тараптар техникалык кызматташтыкты кеңейтүү, тажрыйба алмашуу жана Кыргызстан менен АКШнын ортосунда жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү аба аркылуу ташууну өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн карашты.
Мындан тышкары, техникалык консультацияларды өткөрүү жана кызматташтыктын негизин түзө турган өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум даярдоо маселелери козголду.