Бишкекти оңдоого канча каражат кетти: Аудит жүргүзүлөт

Коом 8 сентябрь 2026 10:15
Бишкекти оңдоого канча каражат кетти: Аудит жүргүзүлөт
copyright icon WWW

Бишкек, 08.09.26. /Кабар/. Бишкек мэриясында ири эл аралык иш-чаралардан кийин аткарылуучу иштер талкууланып, бюджеттик каражаттардын максаттуу пайдаланылышына өзгөчө көңүл бурулду.

Муниципалитеттен билдиришкендей, анда мэр Айбек Жунушалиев жолдорду, жол инфраструктурасын оңдоого, имараттардын фасаддарын жаңылоого жана башка иштерге бөлүнгөн каражаттар боюнча ар бир объектке аудит жүргүзүп, чыгымдарды талдоону тапшырды.

"Аткарылган иштердин көлөмү менен каржылык чыгымдар шайкеш болуп, иштердин наркын негизсиз жогорулатууга жол берилбеши керек. Ошондой эле аткарылган иштер боюнча актыларды кылдат текшерүү зарыл", - деди мэр.

Мыйзам бузуулар аныкталган учурда тиешелүү материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлөрү белгиленди. Мэрия мындан ары да иштердин сапатына, мөөнөтүнө жана бөлүнгөн каражаттардын максаттуу жана натыйжалуу пайдаланылышына көзөмөлдү күчөтөт.