Дэн Сяопин проспектисиндеги объекттер демонтаждалууда

Коом 760 01 Апрель 2026 15:27
WhatsApp Image 2026-04-01 at 11.52.33.jpeg
WhatsApp Image 2026-04-01 at 11.52.34.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-04-01 at 11.52.33.jpeg
WhatsApp Image 2026-04-01 at 11.52.34.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 01.04.26. /Кабар/. Бишкектеги Дэн Сяопин проспектисинин Патрис Лумумба көчөсүнөн Кустанай көчөсүнө чейинки (түштүк тарабы) тилкесинде жайгашкан объекттер демонтаждалууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, комиссиянын чечими менен 13 чарба субъект менен түзүлгөн келишимдерди токтотуу каралган. Бүгүнкү күндө алардын ичинен 10 объект боюнча келишимдер буга чейин токтотулган, калган 3 объект боюнча акыркы чечим күтүлүүдө.

Белгиленгендей, өткөн жылдын кыш мезгилинде Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы тарабынан ээлеп турган аймакты ыктыярдуу бошотуу үчүн жазга чейин мөөнөт берилген.

Демонтаж иштери аяктагандан кийин бошотулган аймакта жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүү пландалууда.