Дем алыш күнү “Чуңкурчакта” кышкы сезон ачылат

Коом Загрузка... 23 Декабрь 2025 14:43
WhatsApp Image 2025-12-22 at 14.56.21 (1).jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 23.12.25. /Кабар/. 28-декабрда “Чуңкурчак” тоо-лыжа базасында кышкы сезон расмий түрдө ачылат. Иш-чара президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен өткөрүлөт.

Бул күнү эс алуучуларга тоо боорунда чыныгы майрам тартууланат. Анда жандуу музыка, бийлер, оюн-зооктор кышкы атмосфераны жаратат.

Иш-чара саат 11:00дө башталат. Кирүү акысыз.