Декабрдын алгачкы жумасы жылуу өтөбү? Бишкекте күтүлгөн аба ырайы

Коом Загрузка... 01 Декабрь 2025 12:34
1555255_original.2e.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 01.12.25. /Кабар/. Бишкекте 1-декабрдан 6-декабрга чейин ушул мезгил үчүн салыштырмалуу жылуу аба ырайы күтүлөт, күн ачык болуп, түнкүсүн бир аз суук болот.

Синоптиктердин маалыматына караганда, бүгүн, 1-декабрда күндүз абанын температурасы +11…+13 °C жылуу болуп, ала булут каптап турат, жаан-чачын күтүлбөйт.

2-декабрь, шейшемби

  • түндө: -2…-4 °C.
  • күндүз: +12…+14 °C, кун ачык болот.

3-декабрь, шаршемби

  • түндө: -1…-3 °C.
  • күндүз: +13…+15 °C, күн ачык болот.

4-декабрь, бейшемби

  • түндө: 0…-2 °C.
  • күндүз: +13…+15 °C, жаан-чачын күтүлбөйт.

5-декабрь, жума

  • түндө: -1…-3 °C.
  • кундүз: +11…+13 °C, ала булут каптайт.

6-декабрь, ишемби

  • түндө: -1…-3 °C.
  • күндүз: +10…+12 °C, ала-булут каптап турат.