Дээрлик 20 жылдан кийин жанданган Кыргызстан – Пакистан кызматташтыгы жаңы деңгээлге чыгууда

Экономика Загрузка... 04 Декабрь 2025 18:40
594034225_1413441287457168_5732326070619617192_n (1).jpg
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Кыргызстан менен Пакистандын ортосунда дипломатиялык мамилелер мындан 33 жыл мурда, 1992-жылдын 10-майында түзүлгөн. Кыргызстандын президентинин Пакистанга акыркы расмий сапары 2005-жылы болгон. 20 жыл өткөндөн кийин эки мамлекеттин кызматташтыгы кайрадан жаңы деңгээлге чыгып, президент Садыр Жапаров Пакистанда мамлекеттик сапар менен барды. Бул сапар эки мамлекеттин ар кыл тармактардагы кызматташтыгын дагы да арттырууга өбөлгө түзөт деп күтүлүүдө. Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Пакистан Бириккен Улуттар Уюму, Шанхай кызматташтык уюму, Ислам кызматташтык уюму жана Экономикалык кызматташтык уюму сыяктуу эл аралык аянтчалардын алкагында кызматташып келет.

591492063_1412732637528033_1467316569868191960_n

Кыргызстанга болгон сый-урматты өлкө жетекчилеринин тосуп алуусу далилдеди

Садыр Жапаровду аэропорттон Пакистандын президенти Асиф Али Зардари менен премьер-министри Шахбаз Шариф биргеликте тосуп алганы, Кыргызстанга болгон сый-урматты айгиленеп турду. Мындай жагымдуу көрүнүш кыргызстандыктарга да, эл аралык коомчулукка да кызыгууну жаратты. Өлкө башчысы менен өкмөт жетекчиси мейманды аба майдандан чогуу тосуп алышы эл аралык аренада чанда кездешет.

593767750_1412732430861387_731101370188182081_n

Инновация жана жогорку технологиялар жаатында кызматташтык

Президент Садыр Жапаров Исламабаддагы Аэрокосмостук илим жана технологиялар улуттук паркына барды. Бул парк авиация, космос, IT жана киберкоопсуздук тармактарында изилдөөлөрдү, долбоорлоону жана инновацияларды өнүктүрүү үчүн мамлекеттик структураларды, илимий мекемелерди жана өнөр жайды бириктирген заманбап платформа болуп саналат. Садыр Жапаров андагы авиациялык техника, радиолокациялык жана коммуникациялык системалар, симуляторлор, программалык камсыздоо, жасалма интеллект, кибертехнологиялар жаатындагы иштеп чыгуулар жана космос индустриясынын продукциялары менен таанышты. Мамлекет башчысына Кытай менен Пакистан биргеликте иштеп чыккан JF-17 Thunder көп максаттуу кыйраткыч учактарынын негизги согуштук мүмкүнчүлүктөрү жана техникалык мүнөздөмөлөрү көрсөтүлдү. Садыр Жапаров сунушталган иштеп чыгуулардын жогорку деңгээлин белгилеп, инновациялар жана жогорку технологиялар жаатында кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүүгө даяр экенин билдирди.

594423955_1413238354144128_423294131616700669_n

Кыргызстан менен Пакистандын көп тармактуу кызматташуусуунун келечеги кең экенин “Кабар” агенттигине экономика илимдеринин доктору Ялкун Даутов билдирди. Анын айтымында, мамлекет башчысынын Пакистанга болгон мамлекеттик сапары жемиштүү болуп, эки өлкө үчүн маанилүү экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга жол ачат.

“Айрыкча айыл чарба индустриясы, инвестициялык мүмкүнчүлүктөр, бизнес форумдарды өткөрүү, энергетика, билим берүү жана илим багыттарында кеңири кызматташууга шарт бар. Эки өлкөнүн ортосунда электр энергиясы боюнча, экспорттоо жаатында, билим берүү жана илим жаатында да кызматташууну көбөйтүүгө болот Пакистан бүгүнкү күндө IT тармагында дүйнөдө алдыга чыккан өлкөлөрдүн бири. Ошондуктан Кыргызстан бул багытта да биргелешкен долбоорлорду ишке ашырса болот”, - деди ал.

Өз ара сооданын көлөмүн $500 млн жеткирүүгө умтулуу

Экономика министрлигинин маалыматына ылайык, 2024-жылы Кыргызстандын Пакистан менен соода жүгүртүүсү 16,1 млн долларды түзгөн. Анын 14,2 миллиону импорт, 1,9 млн доллары экспорт болгон. Ал эми 2025-жылдын январь-сентябрында эки өлкөнүн өз ара соодасынын көлөмү 13 млн долларга жеткен. Анын ичинде импорт 11,9 млн, экспорт 1,1 млн долларды түзгөн. Буга чейин орто мөөнөттүү келечекте товар жүгүртүүнү 500 млн долларга жеткирүү сунушу айтылган.

593548627_1412732434194720_5069312554268828927_n

2020-2024-жылдар аралыгында Кыргызстандын Пакистан менен товар жүгүртүүсү 2,3 эсеге өскөнү менен Пакистан Кыргызстандын жалпы товар жүгүртүүсүндө аз көлөмдү ээлейт. 2024-жылы болгону 0,09% болсо, ушул жылдын январь-сентябрында 0,12%ды түзгөн.

Расмий маалымат боюнча, Пакистандан Кыргызстанга чет өлкөлүк түз инвестициялардын негизги бөлүгү дүң жана чекене соодага, ошондой эле банк тармагына туура келет. Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин маалыматына ылайык, акыркы 5 жылда Пакистандан Кыргызстанга түз чет элдик инвестициялардын келиши оң динамиканы көрсөттү:

  • 2020– $2 млн,
  • 2021– $1.2 млн,
  • 2022 – $4.4 млн,
  • 2023 – $6.9 млн,
  • 2024-жылы – $4.6 млн.

Кыргыз жана Пакистан инвесторлору инвестиция салууга кызыкдар

"Кабар" агенттигине Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров маалымдагандай, мамлекеттик сапардын алкагында Кыргызстан – Пакистан бизнес форумунда бир катар документтерге кол коюлат. Кыргызстандан келген 23 компания Пакистан менен ар кыл тармактарда кызматташууга даяр экендиктерин айтышууда.

"Статистикалык маалыматтарга карасак, 2024-жылы эки өлкөнүн товар жүгүртүүсү 16 млн доллардан ашкан. Бул сумма эки өлкө үчүн абдан аз. Пакистандык инвесторлор бүгүнкү күндө өтө кызыгуу менен алакаларды арттырууга ниеттенип жатат. Алар гидроэнергетика, энергиянын кайра жаралуучу булактары, кен байлыктары багытында иштешүүгө кызыкдар болууда. Бишкек - Исламабад багытында авиакаттам ачылган. Билим-илим багытында айтсак, Пакистандан келген студенттер Кыргызстанда окуп, дипломго ээ болууда. Мунун баары биздин өлкөгө инвестиция деп атасак болот. Азыркы күндө пакистандыктар биздин өлкөдө бир катар ишканаларда эмгектенип келет. Ошондой эле пакистандыктар эми курулуш тармагында да иштеп, инвестиция салсак деп турушат. Мындан тышкары, экологиялык жактан таза продукцияларды Пакистанга алып келип сатсак деп пландап жатышат", - деди Равшанбек Сабиров.

Кыргызстан менен Пакистандын экономикалык кызматташтыгы бүгүнкү күндө өнүгүү жолуна түшүп, аны дагы да чыңдоого чоң потенциал бар. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине экономист Кубан Чороев билдирди.

Анын айтымында, акыркы жылдары эки өлкө жогорку деңгээлдеги жолугушууларды, анын ичинде Өкмөттөр аралык комиссиянын жыйындарын, бизнес-форумдарды жигердүү өткөрүп, эки тараптуу мамилелерди сапаттык жаңы деңгээлге көтөрүүгө кызыкдар экендигин көрсөтүп келет.​

“Кызматташтыктын негизин Соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча кыргыз-пакистан өкмөттөр аралык комиссиясы түзөт. Бул комиссиянын жыйындарында соода-сатыкты активдештирүү, инвестиция тартуу жана тармактык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланат”, - деди ал. ​

Эки өлкөнүн экспорту менен импорту кулачын кеңейтүүдө

​Пакистандан Кыргызстанга фармацевтика, кийим-кече, териден жасалган буюмдар, спорттук шаймандар, транспорт каражаттары, айыл чарба продукциялары (картошка, күрүч, чай, цитрус жемиштери) импорттолот. ​Ал эми Кыргызстандан Пакистанга фасоль, эт консервалары, авиакеросин, дары-дармек, иштетилген тери, мониторлор, проекторлор, учак тетиктери экспорттолот.

Артыкчылыктуу багыттарды камтыган тармактар

  • Эки өлкө энергетика тармагында кызматташат. CASA-1000 долбоорунун алкагында эми Кыргызстанга Афганистан, Пакистан өлкөлөрүнө электр энергиясын экспорттоого чоң мүмкүнчүлүк түзүлөт.
  • Агроөнөр жай тармагында адал-индустрия багытында тажрыйба алмашуу жана биргелешкен ишканаларды ачуу,
  • Туризм. Эки тараптуу туристтик роуд-шоуларды уюштуруу, туристтик агымды көбөйтүү жана туристтик жайлардын потенциалын биргелешип жайылтуу;
  • ​Инвестиция. Кыргызстандын туризм, энергетика, айыл чарба, өнөр жай, транспорт жана логистика тармактарына пакистандык инвестицияларды тартуу. Инвестициялык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу үчүн биргелешкен жумушчу топторду түзүү;
  • Фармацевтика. Кыргызстанда фармацевтикалык продукцияны биргелешип өндүрүү же Пакистандын алдыңкы компаниялары менен кызматташууну жолго коюу;
  • Билим берүү жана маданият. Жогорку окуу жайлар (ЖОЖдор) ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо, студенттер жана чыгармачыл делегациялар менен үзгүлтүксүз алмашууларды уюштуруу;
  • Стандартташтыруу жана метрология: Соодадагы техникалык тоскоолдуктарды азайтуу үчүн стандарттарды жана сертификациялоо системаларын шайкеш келтирүү.
  • Түз авиакаттамдарды ачуу, транзиттик каттамдарды жандандыруу иштери да Кыргызстан менен Пакистандын алакасын арттырат,
  • Эки өлкөнүн Карачи жана Гвадар сыяктуу Пакистандын деңиз портторун пайдалануу багытында кызматташууну кеңейтүүгө болгон умтулуусу белгиленүүдө. Бул Кыргызстанга дүйнөлүк рынокторго чыгуу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт,
  • Тараптар транспорттук инфраструктураны биргелешип өнүктүрүү маселелерин да кеңири талкуулашып, аймактын транзиттик потенциалын бекемдей турган "Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан" магистралын курууну камтыган темир жол долбоорлорун илгерилетүүнүн маанилүүлүгүн айтышты.

Президент Садыр Жапаров Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф менен сүйлөшүүдө саясий, соода-экономикалык жана транспорттук-логистикалык тармактарда эки жактуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү, ошондой эле энергетика, инфраструктура жана маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүү жаатындагы биргелешкен долбоорлорду илгерилетүү маселелердин талкуулашты.

594034225_1413441287457168_5732326070619617192_n

Пакистандын өкмөт башчысы биргелешкен демилгелерди натыйжалуу ишке ашырган шартта мамлекеттердин жакынкы жылдарда өз ара сооданын көлөмүн 200 млн долларга чейин көбөйтүү мүмкүнчүлүгү бар экенин ырастады.

Өз кезегинде Садыр Жапаров Кыргызстан саясий диалогду жаңы сапаттык деңгээлге чыгарууга, делегация алмашууну активдештирүүгө жана аймактык кызматташтыкты кеңейтүүгө умтулуусун билдирди.

Президент ошондой эле болуп өткөн сүйлөшүүлөр жемиштүү жана эки мамлекеттин ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн мындан аркы өнүгүшүнө зор түрткү берерине үмүт артты.

Мындан тышкары, Борбордук жана Түштүк Азиянын энергетикалык коопсуздугун чыңдоодо жана инфраструктуралык интеграциясында стратегиялык мааниге ээ болгон CASA-1000 аймактык энергетикалык долбоорун ишке ашыруу тараптардын өзгөчө көңүл борборунда болду.