Бишкек, 15.06.26. /Кабар/. Бүгүн Циндао шаарында Кыргызстандын президентинин атайын тапшырмалар боюнча өкүлү Бакыт Төрөбаев Шаньдун провинциясынын ККП комитетинин катчысы Линь У менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын аймактары менен Шаньдун провинциясынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү маселелери талкууланды.
Тараптар транспорттук инфраструктура, энергетика, өнөр жай, айыл чарба жана логистика чөйрөлөрүндө биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушту.
Бакыт Төрөбаев Кыргызстандын инвестицияларды, заманбап технологияларды тартууга жана Шаньдун провинциясынын ишкер чөйрөлөрү менен кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экендигин баса белгиледи.
Өз кезегинде Линь У эки тараптуу мамилелердин жогорку деңгээлин белгилеп, Шаньдун провинциясынын Кыргыз Республикасы менен соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө даярдыгын ырастады.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар аймактар аралык байланыштарды мындан ары чыңдоого жана өз ара пайдалуу биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендиктерин билдиришти.
Жолугушуунун соңунда Бакыт Төрөбаев Линь Уга жылуу кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирип, аны Кыргызстанга сапар менен келүүгө чакырды.