Бишкек, 15.06.26. /Кабар/. 2026-жылдын алгачкы үч айында Кыргызстанга жеке жактар тарабынан жалпы 699,7 млн доллар которулган. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Улуттук банктан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кыргызстанга акча которуулардын эң көп бөлүгү КМШ өлкөлөрүнө туура келет. Ал жактан жалпы 649,4 млн доллар келген, анын ичинен 629,3 млн доллары бир гана Россиядан которулган.
"Ал эми ушул эле аралыкта алыскы чет өлкөлөрдөн Кыргызстанга жалпы 50,3 млн доллар келип түшкөн. Мунун ичинен негизги үлүш Түркия мамлекетине туура келип, үч айда 38,2 млн долларды түздү", - деп айтылат маалыматта.