Дарыгерлердин эмгек акысы көбөйүп, иш шарттары жакшырды

Пикир 8 октябрь 2026 15:10
Дарыгерлердин эмгек акысы көбөйүп, иш шарттары жакшырды

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 08.10.26. /Кабар/. Соңку мезгилде Кыргызстанда медицина тармагында эле эмес, бардык багытта чоң өсүштөр байкалууда. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине президенттин Иш башкармалыгынын "Клиникалык ооруканасынын" дарыгер-психотерапевти Бүалима Назаркулова аталган оорукананын 80 жылдык мааракесине арналган иш-чарада билдирди.

Анын айтымында, мисалы дарыгерлердин эмгек акысы жогорулап, медициналык мекемелердин материалдык-техникалык базасын чыңдоого жана иш шарттарын жакшыртууга көңүл бурулууда.

"Акыркы жылдары мамлекет тарабынан “Клиникалык ооруканага” өзгөчө көңүл бурулууда. Оорукана толугу менен капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп, заманбап курулуш материалдары менен оңдоо иштери жүргүзүлдү. Заманбап медициналык жабдуулар орнотулду. Дарыгерлер ар тараптуу колдоого алынып, жумушка керектүү каражаттар менен толук камсыз болууда. Эмгек акыларыбыз да улам жогорулап жатат. Соңку мезгилде медицина тармагында эле эмес, бардык багытта жакшы өсүштөр жана чоң өзгөрүүлөр байкалууда", — деди Назаркулова.

Дарыгер белгилегендей, "Клиникалык оорукананын" өзгөчөлүктөрүнүн бири — өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошкон белгилүү инсандар, мамлекеттик сыйлыктардын ээлери, коомдук ишмерлер жана депутаттар, ошондой эле мамлекеттик органдардын өкүлдөрү медициналык жардам алуу үчүн ушул мекемеге кайрылышат.

"Бул оорукананын башкы өзгөчөлүгү — мында өлкөбүздүн өнүгүшүнө салымын кошкон алдыңкы инсандар, мамлекеттик сыйлыктардын ээлери, белгилүү ишмерлер жана депутаттар дарыланышат. Өкмөт өкүлдөрү да ушул жерден медициналык жардам алышат. Муну менен катар эле каалаган жөнөкөй жарандар да келип дарыланса болот. Башка мекемелерге салыштырмалуу мында акы төлөнүүчү кызматтардын баасы да кыйла арзан жана жеткиликтүү", — деди ал.

Назаркулова ооруканада медициналык кадрларды тандоого жогорку талаптар коюларын белгилеп, мекемеде тажрыйбалуу жана квалификациялуу адистер эмгектенерин айтты.

"Ооруканада кадрларды тандоого абдан катуу талап коюлат. Ошондуктан бул жерде эң тажрыйбалуу, квалификациялуу дарыгерлер эмгектенет. Республикабыздын бардык аймактарынан келген бейтаптар үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Заманбап палаталар, абдан ыңгайлуу, бейтаптардын каалоосуна жараша бир же эки кишилик болуп бөлүнөт", — деди дарыгер.

Сөзүнүн соңунда Бүалима Назаркулова дарыгер катары жалпы эмгек стажы 52 жыл экенин, анын ичинен 22 жылдан бери "Клиникалык ооруканада" эмгектенип келерин кошумчалады.