Дания жана Германияга мыйзамсыз ишке орноштуруу фактысы аныкталды

Коом Загрузка... 27 Март 2026 10:45
658944224_1336090568539941_4059607489420420185_n.jpg
copyright icon ИИМ

Бишкек, 27.03.26. /Кабар/. Дания жана Германияга мыйзамсыз ишке орноштуруу фактысы аныкталды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору менен биргеликте мыйзамсыз миграцияга каршы текшерүү жүргүзүлдү.

Анын жүрүшүндө Asia Consult Visa компаниясы тиешелүү уруксат кагаздары жок туруп, жарандарды Дания жана Германияга ишке орноштуруу менен алектенип келгени ашкереленди. Ишкана "визалык колдоо көрсөтүү" деген шылтоо менен иш алып барган.

Аталган компанияга карата "Жарандарды ишке орноштуруу боюнча мыйзамсыз ишмердүүлүк" беренеси боюнча административдик протокол түзүлдү.

Бул ишкананын аракеттеринен жабыркаган жарандар Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына кайрылуусу зарыл.

ИИМ чет өлкөдө ишке орноштуруу ишмердүүлүгү атайын лицензия болгондо гана жүргүзүлөрүн эскертет. Жарандарды кызмат көрсөтүүчү тараптын документтерин кылдат текшерүүгө жана шектүү сунуштардан этият болууга чакырат.