Бишкек, 23.03.26. /Кабар/. Мамлекеттин колдоосу менен "Дан" мамлекеттик ишканасынын өндүрүшү кеңейүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө ишкана өкмөттүн колдоосу менен модернизациядан өтүүдө. 2025-жылдын декабрында кесме өндүрүшү ишке киргизилген. Ал эми 2026-жылдын экинчи чейрегинде суткасына 150 тонна кубаттуулуктагы тегирменди жаңылоо пландалууда.
Кайра иштетүү жана органикалык айыл чарба департаменти ишканага барып, анын ишмердүүлүгү менен таанышты. Анда мамлекеттик сатып алууларды жөнөкөйлөтүү, жабдуулар менен камсыз кылуу жана лаборатория ачуу маселелери көтөрүлдү.
"1975-жылы негизделген ишкана бүгүнкү күндө 125 адамды иш менен камсыздап, кайра иштетүү тармагына салым кошуп келет. Бул иштер өндүрүштү өнүктүрүүгө жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө багытталган", - деп айтылат маалыматта.