Дагы бир курулуш компаниясы "кара тизмеге" киргизилди

Коом 51 11 Август 2026 11:00
658315493_3770352203107951_3369230711831129018_n.jpg
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 11.08.26. /Кабар/. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги мамлекеттик көзөмөлдүн алкагында "Абрис-Гранд" ЖЧКсында бир катар мыйзам бузууларды аныктады.

Ведомствонун маалыматына караганда, текшерүүнүн жыйынтыгында компаниянын курулуш иштерин жүргүзүүгө берилген лицензиясы жокко чыгарылды. Ошондой эле архитектор Александр Усовдун квалификациялык сертификаттары да жараксыз деп табылды.

Министрлик жарандарды жана уюмдарды аталган компания жана адис менен уруксат берүүчү документтерди талап кылган курулуш жана долбоорлоо иштеринде кызматташпоого чакырды.

Министрлик курулуш тармагындагы мыйзам талаптарын бузган субъекттерге карата тиешелүү чаралар көрүлөрүн белгиледи.

Эске салсак, күн мурун Бишкектин Көк-Жар кичи районунда мыйзамсыз курулуш жүргүзгөн "Улан Строй Компани" ЖЧКсына 200 миң сом айып салынып, "кара тизмеге" киргизилген.